Илим Карыпбеков тайэнеси каза болгонун өзүнүн соцбаракчасына жазды. Өзгөртпөй беребиз: » Бүгүн тайенем биз менен 88 жашында коштошту. «Мен каза болгондо ыйлабагыла» — деп баарыбызга ыраазы болуп, коштошуп кетти. Сөөгү 3 октябрда Талас облусу, Талас району, Балбал айылында жерге берилет. «

Маалым болгондой Илим мырзанын тайэнеси көпчүлүккө белгилүү. Ал саясат ж.б. темалар боюнча курч, тамаай сүйлөп, элдин эсинде калды.

Биз Илим мырзага көӊүл айтабыз. Тайэнебиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко болуп, жаны жанатта болсун!