Өзбекстанда оор кылмыштарга шектелип, 2010-жылдан бери издөөдө жүргөн адам Кадамжайдан кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-октябрда Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ал Ташкент шаарында өзгөчө оор кылмыштар менен соттолуп, издөөдө жүргөн. 2016-жылы чек арадан мыйзамсыз өтүп, өзүнө Бекболот Кошоков деген башка ысым алып, үй-бүлө курууга жетишип, жашырынып жашап жүргөн. Кадамжай РИИБдин баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн жана 10-бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектелген адам Кызыл-Кыя шаарынан кармалды.

Иликтөө учурунда ал Б. Кошоков эмес, өзбекстандык 1983-жылы туулган С.А. экендиги аныкталды. Ал 2010-жылы Өзбекстанда зордуктоо, адам өлтүрүү жана каракчылык беренелери менен жоопко тартылган. Жазасын өтөп жатып, 2016-жылы Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагынын Исмат-Какыр айылы аркылуу мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Кызыл-Кыя шаарында, Кадамжай районунда жашырынып жашап жүргөн.

Азыркы күндө бул адамдын үстүнөн Кызыл-Кыя жана Кадамжай шаарынын бир нече тургундары арызданышты. Анткени ал башкалардын ишенимине кирип, жалпы 300 миң сом каражатты алдап алып жүргөнү аныкталган.