УКМК мэриянын кызматкери А. Н. аттуу адамды  пара алуу фактысы менен кармады. Ал мэрияда бөлүм башчы болуп иштейт. УКМК тараткан расмий маалыматка караганда, ал Биринчи май районундагы Калыс-Ордо конушунан 7 гектардан ашык жерди турак жай куруш үчүн мыйзамсыз бөлүп берип, «жең ичинен көрсөткөн кызматы үчүн» 2 миллион сом алган.