Оффшордук компаниялардын жардамы менен «Манас» эл аралык аэропортунун эсебинен беш миллион доллар мыйзамсыз которулганы аныкталганын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Ага ылайык, аэропортто жетекчилик кызматта иштегендер кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, айрым кишилер менен жең ичинен сүйлөшүп алганы тергөө учурунда белгилүү болгон. Жетекчилер аэропорттун жана мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген иш экенине карабай, өздөрүнүн арам оюн ишке ашыруу үчүн 2014-жылы билип туруп пайдасыз келишимге кол койгон.

«Сөз аэропорттун аймагында жайгашып, ошол маалда дээрлик банкрот болуп пайда алып келбей калган «Топливный центр» ЖАКтын 100 пайыз акциясын сатып алуу тууралуу болуп жатат. Анын жалпы наркы 5 миллион долларды түзгөн», — деп айтылат маалыматта.

2019-жылы 30-сентябрда тергелип жаткан иштин алкагында тергөө органдары тарабынан шектүү катары «Манас» аэропортунун юридикалык бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Б.М. кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Белгилей кетсек, 2013-2016-жылдары «Манас» эл аралык аэропортунун башкаруучулугунун төрагасы Албек Ибраимов болгон.

Бул факты Жоруктар менен кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталды.