Кечээ, 29-сентябрда саат 14:31де Кыргызстандын аймагында очогундагы күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунан билдиришти.

Жер титирөөнүн очогу Жумгалдагы Баш-Кууганды айылынан түндүккө 3 чакырымда, Эпкин айылынан түндүк-батышка 5 чакырымда, Байзак айылынан түндүк-чыгышка 7 чакырымда, Таш-Дөбө айылынан түштүк-батышка 10 чакырымда, Чаек айылынан түндүк-чыгышка 15 чакырымда жайгашты.

Ал эми жер титирөөнүн күчү Баш-Кууганды, Эпкин, Байзак, Таш-Дөбө, Түгөл-Сай, Чаек, Чоң-Дөбө, Ак-Татыр, Куйручук айылдарында 3 баллга жетти.