«Артист болом деп кыялданган эмесмин»

Күмөндөр байке, ар бир адам балалыкты өзгөчө сезимдер менен эскерет эмеспи. Сиз балалыгыңызды эстегенде, эмнелер эске түшөт?

—Балалыгым Нарындын Куланак, Учкун деген айылдарында өткөн. Былтыр «Айыл жакка саякат» деген ыр түрүндө чыгарма жазып, 2000 нускада китеп чыгаргам. Ошондо айыл тууралуу толук жаздым эле. Кыскача айтсам, балалыгымдын теңи айылда, теңи Нарын шаарында өттү. Атам театрда чоң комузчу болгондуктан, Нарын шаарында да жашадык. Мукул Абыловду комузчулар чөйрөсү жакшы билишет. Буту менен, бычак менен комуз чертип Атайды алгачкылардан болуп кайталаган экен. Ошентсе да, атам театрда көп иштеген жок, кийин чоң апам иштетпей койгон экен. Жалгыз бала болгондуктан, «мен өлсөм, топурак ким салат» деп айылга көчүрүп алган дешет. Ал айылда да маданият үйүндө иштеди, анан кайра Нарынга көчүп келип, райсовесте бухгалтер болуп да иштеди. 

Чоң апам атамды мединститутта окуп атканда таштатып койгон жери да бар. Аскерде башкалар 3 жыл кызмат өтөсө, энем атамды бир жарым жылдан кийин эле арызданып жүрүп чакыртып алган дешет. Биз атамдын жумушуна карап Нарынга эки жолу көчүп барып, эки жолу көчүп келдик. Ошентсе да, чыгармачыл чөйрөгө жакын эле. Биздин үйгө Рыспай Абдыкадыров баш болгон артистер көп келишчү. 

Ошол кездеги кичине Күмөндөр эмне тууралуу кыялданчу?

—Мен артист болом деп көп деле кыялданган эмесмин. Алты жашымда атаман аккордеон ойногонду үйрөнүп алып «Гүлнара» деген ырды оң жак клавишада ойногонум эсимде. Атам абдан сүйүнгөн. Дубалга жөлөнүп олтуруп алып аккордеон тарта берип, санымдын эти эзилип калып, басалбай да калгам. Ошондон кийин чоң апам урушуп, үйгө аккордеон жолотпой калыптыр. 

Мен 4-класстан баштап өздүк көркөм чыгармачылыкка калбай катышчумун. 6-класс окуган жылы акча чогултулуп, мектепке жаңы аккордеон сатылып алынды. Ошондогу менин жыргаганым, кечинде аны үйгө алып барам дагы таң аткыча чертем. Ал кезде азыркыдай 5 бөлмөлүү үйлөр жок, эки эле бөлмө. Кышында бир эле бөлмөгө көчүп алышчу. Ошентип, аккордеонду таң аткыча тартып, үйдөгүлөрдү уктатпай, эртең менен аны чанага салып, мектепке жөнөчүмүн. 

Сүрөт тартканды да жакшы көрчүмүн. 7- классты бүткөн кезде жайында чөптө иштеп жүрсөк эле кырда бирөө сүрөт тартып жатат. Түштөнүү маалында ага жетип бардык. Барсак, биздин айылдык Коонбаев Табылды деген сүрөтчү байкебиз экен. «Келгиле баатырлар. Араңарда сүрөт тартам деп кызыккандар барбы?» деп калды. Балдар мени көрсөтүштү. Ал мага этюднигине барак даярдап, маңдайдагы чапты тарт деди. Мен колдон келишинче тарттым. Сүрөтүм жакты окшойт, 8-классты бүткөндөн кийин мага кел деп айтты. Ошондон кийин атайын акварель менен, карандаш менен сегизди бүткүчө 200дөй сүрөт тарткам. 8-класста окуп жатканда, кышында Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайдан мугалимдер тандоого келип, ага өтүп кеттим. Атам 10-классты окуп, кийин искусство институтуна тапшырасың деп жибербей койду. Онду бүтүп, комсомол бригадасы менен беш жыл айылга калтырганына карабай, аттестаты жок эле Нарында жүрүп, Токмок маданий агартуу окуу жайына кабылып калып,  тапшырууга макул болушуп, өтүп кеттим. Мага өттү деген печаты басылган кат беришип, аны мектептин дирокторуна көрсөтүп, аттестатымды беришип, окуп калгам. Бирок аны аяктабай эле аскерге кеттим. Аскерден келип улантайын десем, кайра биринчи курска киресиң дейт. Ошентип, Нарын облустук музыкалык драма театрына 1979-жылы музыкант катары кирип кеттим. Иштеп жүрүп, кийин Ташкенттеги театралдык институтуна өткөм. Аны да 1990-жылы Оштогу кыргыз-өзбек тополоңуна байланыштуу окубай калдым. 

Эң алгач кимдин ролун ойнодуңуз эле?

—Гастролдоп жүрсөк, Сейитказы Андабеков агайыбыз ооруп калып, Бакы Өмүралиевдин «Жолчубектин көпүрөсү» деген спектаклде Орузбай деген чолок абышканын ролун аткаргам. Үч чоң эпизод эле. Ошондон кийин «Сен ойночу, балам, сен жакшы ойноп салдың» деп, ал роль меники болуп калды. Негизи, спектакль болуп жатканда аккардеон кармап капталда карап олтура берчүмүн. Тажачу эмесмин. Аябай роль аткаргым келчү. 

Суранган эмес белеңиз?

—Суранганда «Олда атаңдын көрү ай. Сен аткара албайсың» деп коюшчу. Мен болсо ар бир ролду жатка билчүмүн. Ким кандай аткарганы эсимде эле. Жаман арымда көбүн жактырбай, жеткиликтүү болбой калды деп ойлочумун. Ким кайсы сөздү унутуп калды, ким кайсы сөздү кошуп койду, спектаклдин жалпы деңгээли кандай болуп жатат, ритми, темпи кандай болушу керек эле деп, баарына кызыкчумун. 

Кийин «Кайнене» деген спектаклде дүлөй абышканын ролун ойноп жактырылдым. Анан мага роль бере башташты.

Буйрук чыгып, биринчи аткарган ролум М.Тойбаевдин «Жашыл жалбырак» деген пьесасындагы Майлыбаш деген абышканын ролу болду. Ошондо Афелия Эркинбаева деген режиссёр эжебиз, маданият министрлигинен сынчылар спектаклди кабыл алганы барышкан. Талкуу жүрүп жатканда Афелия эже: «Бакирдин Алиев, мен сизге абдан ыраазымын. Чалдын ролун жакшы аткардыңыз. Мастер деген мастер экен да» деп койду. Театр жамааты бири бирин карап эле калышты. Анан «Ал ролду мобу бала аткарды» деп айтышты. Ал кызык болуп кетип, «Жакшы, бирок, бирөөнү чагылдыруу жакшы актёрдун иши эмес» деп салды. Мен капа болуп калдым. Коллективдегилер «Бул баланын өзүнүн үнү ошондой» дешти. Ал учур жаш кез, апарык кез, үнүм ичкерек чыкса керек. Бирок, коллектив муну жетишкендик катары баалашып, куттукташты. 

1983-жылы Т. Абдымомуновдун «Борбаш” деген пьесасы боюнча Борбаштын досу Камгакбай» деген спектаклде негизги ролдордун бири мага тийип калды. Эки алп артист Капар Медетбеков, Бакирдин Аалиевдер менен ойноп калдым. Спектаклди комиссия көрүп, мени аябай мактап кетишти. Кийин Бишкекке келип да койдук. Эл үч жолу туруп кол чаап, спектаклди токтотуп турууга туура келди. Ошондо Театрлар союзунан «Жылдын мыкты актёру» деген сыйлык алгам. Абдумомунов өзү бетимен өөп, жалынып, ыраазы болгон. «Кыргызстан маданиятына» жазышты. Ошол жылы 26 жашымда Эмгек сиңирген артист болуп кала жаздагам. Министрлер тарабынан айтылып документтеримди даярдап жатканда, кимдир бирөө: “Жаш бала, андан башкалар атаандашат, анын үстүнө сөз кошуп койду” — дешип, министрдин айтканы отмен болуп калган. Ал сөздү мен эмес режиссёрубуз Алмаз Сарлыкбеков өзү коштурган болчу. Ал: “Режиссёр катары акым бар” — деп канча айтса да, кеч болуп калган…. 

Анан кантип куудул болуп кеттиңиз?

—Негизи эле мен аккомпаниатор болуп жүргөндө интермедиларды аткарчумун. Анын үстүнө ал кезде гастролго көп чыкчубуз да. Спектаклдан кийин сөзсүз концерт койчубуз. Ошондо аккордеон чертип, монологдорду, интермедияларды аткарчумун. Ошентип менин актёрдук ампулам комедия жагына жакын экени билине баштаган окшойт. Ошентип мен, комик катары эле эмес, куудул катары да тааныла баштадым. Кийин «Мыскыл жана тамашада» элге алынып кеттим.

Сиздин кинодогу ролуңуз Арзыматтан башталган да?

—Жок. Ага чейин Казат Акматовдун «Мезгил» деген романы боюнча тартылган киного катышкам. Арзыматты ойногондо болсо, Кыргыз фильмге чакыртылып, Токтогул жөнүндө “Кербез” деген тасмада Арзыматтын образына сыноого тартылып келсем, кайра мага телеграмма келиптир, «Токтогулдун өзүнө проба кылабыз» — деп. Мен жаңы эле келбедимби деп камырабай жүрсөм, директор чакырып, Токтогулдун ролуна да чакыртып атыптыр дейт. Бул кино Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгына карата мамлекеттик буюртма менен тартылып жаткан эле. Москвадан режиссёр келип тарткан. Ошентип кайра келдим. Мага режиссёр «Токтогулду 99 пайыз сени ойносун деп турам, бир пайыз айта албаган себебим, совминден өйдө кызыкдар болуп жатышат, жагып кетсең ойноп каласың» деди. 

Ал менден абышканын ролун кандай ойнойсуң?-деп сурады. Мен ушул тармакка киргенден бери эле абышканын ролун аткарып жүрөм дедим. Комуз черте аласыңбы?-дейт. Чертем дедим. Ошентип, Арзыматты да, Токтогулдун карыган кезин да ойномок болдум. Мен ал күндү күтүп жаткам, андыктан, гастролго кетип жатып Бакыт инимди ала кеттим. Киного чакырып калса, ордума Бакыт аккордеон чертсин деп. Театрга план керек да, мени кино тартылууга чакырып, сураштырышса, кайда экенин билбейбиз, гастролдо жүрөт дешиптир. Режиссёр мени күтүп, анан Токтогулдун ролун Акматовго бериптир, карыган кезин Байдөбөтов байкеге беришиптир. 

Бирок, сиз Арзыматтын ролун ойнодуңуз да?

—Мен күтүп жүрүп бир күнү сүйлөшүү пунктуна барып, телефон чалып жатпаймынбы. Режиссёр -Кайда жүрөсүң? -дейт. Мен -Күтүп жатам,-дедим. «Биз кинону тартып баштадык. Сен эми Арзымат гана болосуң»,-деди. Бир жума кечигиптирмин. Ал кезде план деген балекет бар эле. Нарын театры ал эмес, чоң апам каза болгондо да, мага айткан жок, топурак салбай калгам. Кадимкидей баары угуп, айтпай, мага жакшы мамиле жасап жүрө беришиптир. Мени баккан энем ошо эле да, 84 жашында өттү. Ара төрөлгөндө багып, атымды койгон да ошол киши болгон. Атамды байке дедирип, апамды жеңе дедирип, мени кызганып чоңойткон апама топурак сала албай калгам. Ошондо абдан ичим күйгөн. 

Азыр эмнеге кабатырланасыз? 

—Азыр искусствого, театр өнөрүнө, маданиятка мамлекет тарабынан жеткиликтүү көңүл бөлүнбөй калганына күйөм. Биз баскан жолду Россия баштап басып өттү. Бирок, бизде өзгөчө абал болуптур. Россияда актёрлордун баары иш менен, көрүүчү менен камсыз болгон. Аларда союз убагынан берки архиви сакталган. Бизде болсо ошол маалда канча көрсөтүүлөр, канча пьесалар, «Мыскыл жана тамашалар», тартылса да, пленка жок деп өчүрүлдү. Үстү-үстүнө тартыла берди. Бизде азыр Муратбек Рыскуловдун ролу сакталып калган эмес. Таттыбүбү дейбиз, анын архиви жок, Бакен Кыдыкеева, Даркүл Күйүкованын, Советбек Жумадыловдун ролдору сакталган эмес. Ойлосом, Союз убанда эле бизге экинчи сорттой мамиле жасалган экен. Союз тарагандан кийин андан да жаман абалга түштүк. Канчалаган таланттар кинолорго тартылбай оттору өчтү. Мен азыр баланчанчы жылы роль аткарып, мактоого татыгам деп айтып жатканым менен, өзүмдү мактанчаак кемпай сезип жатам. Себеби, аны ошол кездеги архивдер айтышы керек эле. Кечээги эле Жаныбек Алыкуловдун архиви бар экенин кудай билет. Мен таанылган «Мыскыл жана тамаша» деле сакталып калган жок. Мурда эл театр көрбөй, тамашага көңүл бөлөт дечү элек, азыр тамаша эмес, тамашоуго ооп кетти, эл. Аны мен жаман дебейм. Бирок, интермедияда айтайын деген ой бар да. Азыр элдин деңгээли түштү. Китеп окуган киши жок, кыска кабар ачып карап коёт. Аны көрүп кабатырланасың, жүрөгүң түшөт, кээде коркосуң. 

Сиз социалдык тармактарда да өз оюңузду айтып, кээде ар кандай талаш-тартыш жаратып келесиз…

—Ооба, дин боюнча ошондой талаш болду. 1990-жылдары бизге Түркиядан чыккан диний адабияттар келе баштаган. Ошондо кыргыз тилине которулган жакшы эмгектерди окудум. Анан менде бир принцип бар. Ар бир нерсенин маңызын түшүнгүм келет. Мен намазга жыгылсам деп ниет кылып жүрүп, анын түпкү маанисин түшүнгүм келди. Көп окуп, тереңдеп иликтеп олтуруп, Исламга өзгөчө «Манас» карама каршы келерин билдим. Анан ислам музыкага каршы экен. Биз арабдардыкы деп уккан музыкалар Иордания, Ливандагы христиан арабдардын чыгармалары көп экен. Шарият боюнча ыр жазган, өзгөчө, транска түшүп «Манас» айткан туура эмес экен. Анан мага андай дин керекпи деп ойлойт экенсиң. Ааламды дүңгүрөткөн Айтматов намаз окубай эле Кудай деген да.

Сиздин «Бакыт дайрасы», «Сапарлашым» сыяктуу обондоруңуз элге кеңири таанымал. Обончулукка кандайча аралашып калдыңыз эле?

—1985-жылдан баштап обон жаза баштагам. «Талаа гүлдөрү» деген пьеса коёлу деп, ошого мени кыйнап обон жаздырышкан. Анан акырындап обон жазып көндүм. Нота түшүргөндү да үйрөндүм. Азыр элүүдөй обонум бар. 

Сиз ошентип көп тармакты аркалап, өзүңүздү кайсынысынан табасыз?

—Мен өзүмдү издебейм деле. Бирок, мен өзүмдү издегим келчү жак — актёрлук. Ушул тарабым элге жетпегенине капамын. Менин бир арманым ушул. Азыр элдин деңгээли төмөндөдү, театр унутулду. Массалык маалымат каражаттары театрларды көбүрөөк чагылдырсаңар, теледе жок дегенде пьесалар болуп жатканда театрлардын рекламасы үчүн үч мүнөттүк убак берип койсо, «Маданият» каналы аларды тартып, элге көрсөтүп турса жакшы болор эле. Андан эл эс алып, рухий жактан тарбия алат эле. Анан эки фонограмма менен ырдаган эстрада ырчысынын аркасынан түшүп алып, анын ажатканасын айтып, мышыгы, ити тууду деп көрсөтө берсе, эл андан кандай тарбия алат? Мына, элдин, журналистиканын деңгээли. Эң чоң нускадагы гезиттер: «Атаман боюмда болуп калды, кайнагамды сүйүп калдым» деген окуяны ойлоп табышат. Мындай нерсе элдин ичинде болбосо да, капкайдагынын баарын күчкө салып, калптын баарын жаза берсе, элдин психикасын бузат да. Андыктан, азыр Өкмөттүн идеологиялык так багыты болушу кажет. 

Ушундай заманда эмнеден рахат аласыз, эмнеге сүйүнөсүз?

—Ушундай коом болсо да, тирүү адам болгондон кийин күлөсүң, сүйүнөсүң. Ар бир мезгилдин, ар бир жаштын өзүнүн жыргалы, өзгөчөлүгү бар. Менин эки кыз, эки уулум бар. Мурда «40-50 жаштан ары жашап эмне кереги бар?» дечүмүн. Азыр мен жаштыгыма барбайт элем. Ал учурга барып сокуюп олтургуча неберелерим менен жыргап олтурганым жакшы. Быйыл эки неберем дзюдо боюнча Польшага, Америкага, Казахстанга барып 100дөн ашык мамлекеттер катышкан мелдештерде биринчи, экинчи, үчүнчү орундагы медалдарды алып келишти. Ушул жылы эки неберем баш-аягы 6 медаль алышты. 

Маектешкен : Жумагүл БАРКТАБАСОВА