Мындан 20 жыл мурун Бишкекте Кытай менен Кыргызстандын өлкө башчылары мамлекеттик чек ара боюнча кошумча макулдашууга кол коюп, эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселесине чекит койгон.

Ошол учурда ал чечимге каршы чыккандар жана кубаттагандар да болгон. Эки өлкөнүн ортосундагы чек ара кантип такталгандыгын Sputnik Кыргызстан агенттиги эскерет. Материалга география илимдеринин кандидаты Саламат Аламановдун «Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынын калыптанышы» аттуу китебинен алынган жана ачык булактардагы маалыматтар пайдаланылды.

Кыргызстан 1991-жылы өз алдынча мамлекет болгондон кийин чек араны тактоо зарылчылыгы пайда болгон. Анткени союз мезгилинде коңшу Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен өз ара жайлоо, талааларын ижарага берип, бардыгы СССРдин курамында болуп келген. Ал эми Кыргызстан менен Кытайдын чек арасын тактоо 1858-жылы Кытайдын Цянь Цзинь шаарында башталып, иш 1860-жылдары уланган. Ага ошол кездеги Кытай жана Россия империясынын өкүлдөрү катышкан. Бирок 1864-жылы азыркы Синцзян-Уйгур автономиялык облусундагы мусулмандар Цин бийлигине каршы көтөрүлүшкө чыгып, 1867-жылы ал аймакта өзүн мамлекет деп атаган беш аймак пайда болгон. Чек араны тактоо иштери токтоп, Россия 1871-жылы толук тактала элек Или-Кулжа аймагына аскерлерин киргизип, эки империянын алакасы сууп кеткен.

Эч ким телефон колдонбойт, TV көрбөйт! Табышмактуу кыргыз кыштагынан кызык баян
Кытайлыктар кийин башаламандыкты жөнгө салып, көтөрүшчүлөр жазаланып, тараптар Санкт-Петербург келишимин түзгөн. Кийин ал сыяктуу бир топ протокол, келишим жана макулдашуулар түзүлүп, тактоо иштери XX кылымда да уланган. Өткөн кылымдын 30-60-жылдар аралыгында сүйлөшүүлөр токтоп, 1964-жылы кайра уланып 1999-жылга чейин созулган. Жалпы чек ара маселеси көтөрүлгөн убакыт аралыгында СССР түптөлүп кайра ыдырап, Цин империясы Кытай Эл Республикасына айланып, Кыргызстан эгемендүүлүк алып жетишти. 1992-жылы кыргыз-кытай чек арасын делимитациялоо иши кайра жанданып, 1996-жылга чейин беш талаштуу тилкенин төртөө боюнча макулдашуу түзүлгөн. Сүйлөшүүлөр курч мүнөздө өтүп, айрым учурда бир участокту тактоого эле узак убакыт сарпталган. Жыйынтыгында эки өлкө башчысы ошол жылдын 4-июлунда мамлекеттик чек ара боюнча макулдашууга кол коюп, Кыргызстан эл аралык укуктун негизинде 1085 чакырым мамлекеттик чек арасын бекиткен. Ал документти 1998-жылы президент Аскар Акаев ратификациялаган.
Ал эми бешинчи Үзөңгү-Кууш боюнча тараптар орток пикирге келе алган эмес. Кийин комиссиялар 1864-жылы жана 1884-жылы түзүлгөн Чугучак менен Жаңы Маргалаң протоколдорун колдонуп иш жүргүзгөн. Анда адистер 1000 чакырымдан ашык чек араны такташы керек эле. Соңунда президент Аскар Акаев менен Кытайдын төрагасы Цзянь Цзэминь 1999-жылы 26-августта Бишкекте кошумча макулдашууга кол коет.

Документтин кабыл алынуусун колдогондор да, караманча каршы чыккандар да болгон. Ал жерди узак убакыттан бери кыргызстандыктар биздики деп келген. Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Жамин Акималиев ошол учурду мындайча эскерет.

«Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгом. Аскар Акаев менен башында мамилем жакшы болчу, Үзөңгү-Кууштан кийин начарлап кетти. Макулдашуунун негизинде Кытайга өтүп кеткен аянттар кыргыздын тарыхый жери эле. Ал тилке Союз маалында эле талашка түшкөн, ошол учурдагы аткаминерлер да андай кадамдарга барган эмес. Кийин бийликтегилер Кытай менен мамилебизди жакшырталы деп туруп алышты, элден сурап да коюшкан жок. Акаевдин ошол чечими кыргыз элине жасаган биринчи чыккынчылыгы болду. Миңдеген гектар жер, кен байлыктары менен кеткен. Биз кытайларга берип коюп эч нерсе алган жокпуз», — деди Акималиев.

Ал ошондой эле Аксы окуясы, 2005-жылдагы революция дагы Үзөңгү-Кууш маселесинен улам келип чыккандыгын эскертти.

Чек ара пункту. Архивдик сүрөт
© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
Анклавдар азабы, эсти оодарган эксклавдар… Чек ара чатагынын чеги барбы
Аталган кошумча макулдашууну Жогорку Кеңеш 2002-жылы 10-майда кабыл алып, 17-майда эл өкүлдөр жыйыны да колдогон. Добуш берүүдө саналуу гана депутаттар каршы болушкан.
Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациянын курамына киргендер узакка созулган оор сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чоң жумуш жасагандыгын белгилеп келет. Комиссиянын төрагасы болгон Саламат Аламанов бийлик башчылары тарабынан Кытай менен чек араны бүтүргүлө деген милдеттеме коюлганын айтып берди.

«Кытай тарап Кыргызстанга ылайыктуу нерсе болсо колдойбуз деген. Ошонун негизинде Кытай тарап менен сүйлөшүп, бүгүнкү күндө кабыл алынган сызыкты бекиткенбиз. Сүйлөшүүлөр үч жылга созулуп, кыйынчылык менен өткөн. Себеби эки жактын тең чийген сызыктары негиздүү болуп, бөлүшүүгө өткөнбүз. Жыйынтыгында талашып жаткан Үзөңгү-Кууштун 30 пайызы Кытайга өтүп, 70 пайызы бизге калган. Буга чейин эле аталган тилке боюнча СССР менен Кытай ортосунда талкуулар жүрүп келген. Эгемендүүлүк алгандан кийин бийликтин башында тургандар коңшу өлкө менен болгон чек ара маселесин чечкиле деген тапшырма койгон. Ссаясий чечим кабыл алынмайын бул иштер соңуна чыкпайт болчу. Буга чейин жүргүзүлгөн геологиялык чалгындоонун маалыматтарын карап, ал жакта толгон-токой кен байлык бар экендигин кагаздан көрө алган эмеспиз», — деди Аламанов.

Ал ошондой эле документтердин негизинде бир нукка түшүп сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөгөндө жыйынтык чыкпай, Кытай менен Кыргызстандын ортосунда түрдүү чыр-чатактар пайда болмоктугун кошумчалайт.

Бедел ашуусунун күн батыш тарабында жайгашкан Үзөңгү-Кууш — жалпы 2800 гектардай аймакты ээлеген, калк жашабаган, айдоо аянты жок, малчылар үчүн ыңгайлуу тоолуу жер.

Ошентип көз карандысыз Кыргызстан Кытай менен болгон чек арасын тактап, 2000-жылдын июнь айында башталган сүйлөшүүлөр 2004-жылдын июль айында аяктаган.

Sputnik Кыргызстан маалымдамасы
Кыргызстан Кытай жана мурдагы СССРдин үч республикасы — Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен чектешет. КР чек араларынын жалпы узундугу 4503 чакырымга барабар.

Кырызстан менен Өзбекстандын чек-арасындагы чек арачылар. Архив
© AFP 2019 / VIKTOR DRACHEV
Кыргызстандын коңшулар менен эмне талашы бар. Чек ара боюнча атайын өкүл менен маек
Казакстан менен чектешкен мамлекеттик чек ара 1242 чакырымга созулат. Делимитация иши 2001-жылы бүткөн. Сүйлөшүүлөр чек ара маселелери каралган ВЦИКтин (Бүткүл россиялык борбордук аткаруу комитетинин) 1930-жылдагы токтому жана 1961-жылдагы Кыргыз ССРинин буйругунун негизинде жүргөн.
Кытай менен мамлекеттик чек аранын узундугу 1071,8 чакырымды түзөт. Такталып бүткөн, ушу тапта эч кандай талаш жок.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырымды түзөт. Азыркы учурда 519 чакырым гана эки тарап менен такталып, макулдашылган, башкача айтканда, 50 пайыздан ашыгы аныкталган. Ал эми 451 чакырым дале талаш бойдон келет.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1388 чакырымга созулат, алардын 1170,53 чакырымы такталган. 2017-жылдын сентябрында кыргыз-өзбек чек арасынын 85 пайызы боюнча макулдашуу келишимине кол коюлган.

Булак:http://sputnik.kg/