28-сентябрда Ош шаарында белгисиз төрт киши күчкө салып, «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановдун видео камерасын толук комплектиси менен тартып алды.

«Азаттыктын» оператору Айбек Кулчуманов кезектеги теле иликтөөнүн алкагында Оштогу Ленин көчөсүндө дрон аркылуу 150 метрден жогорку бийиктиктен шаарды тартып жүргөн.

Андан соң алар оператор түшүп келген машинени ачып, андагы техниканы — штатив менен видеокамераны, Кулчумановго берилген «Азаттыктын» кызматтык күбөлүгүн, парламенттик кабарчы күбөлүгүн жана автоунаасынын ачкычын тартып алган.

Ошондон кийин «дрон табылбаса сени менен башкача сүйлөшөбүз деп» коркутуп, машинеге отуруп, белгисиз тарапка кетип калышкан.