ИИМдин мурунку орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али Асанов Оштон «Достук» чек ара посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткенин аскер прокурору Нуркамал Набиев Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын кезектеги жыйынында билдирди. Ал өз сөзүндө буларды айтты: « Ал качып кеткенге чейин шектүү эмес болчу. Бирок ага каршы көрсөтмөлөр, тийиштүү далилдер бар болчу. Аны суракка аларда ал ушундай шартка барып, качып кетип атат.«- деди. Комиссия мүчөсү Исмаил Исаков «Ал окууга чыгып кетиши мүмкүнбү?» деген суроого кызыкты. Набиев анын окуп жатканы тууралуу маалымат жок экенин билдирди. Курсан Асанов 8-август күнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүнөн алып чыккан далил буюмдарды жана кылмыш ишин тергөөдө керек болгон маанилүү документтерди жан сакчысы Дамирбек Пайзылда уулу аркылуу баласына бергенин билдирген. Далил буюмдар андан ары Атамбаевдин тарапкерлерине жеткириш үчүн берилгени жарыяланган.

Бул фактыга байланыштуу 22 жаштагы Мухаммед-Али Асановду кылмышка шектүү катары сыртынан камакка алуу боюнча чечим чыгып, 27-августта ага издөө жарыяланган.