Ош облусунун Кара-Суу районунда атышуу болду. Бул тууралуу Криминалдык милиция кызматынын жетекчиси Нурбек Абдиев билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга атышуу тууралуу билдирүү саат 9:40та түшкөн.

Ал эми sputnik Кыргызстан агенттиги травматикалык тапанчадан атылган ок жабырлануучунун жамбашына тийгенин жазып чыкты. Ошондой эле жабыркаган адам милициянын мурдагы кызматкери болсо, ок аткан киши Кыргызстанга таанымал спортчу экенин кошумчалады.