Өзбекстандын мамлекеттик коопсуздук кызматы 1917-жылга чейинки жашыруун документтерди ачыкка чыгара турган болду. Бул жарлыкка президент Шавкат Мирзиёев кол койду.

Президенттин жарлыгында: “2020-жылдын 1-июнуна чейин Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик коопсуздук кызматы менен биргеликте 1917-жылга чейинки тарыхый мезгилдеги архивдик документтерди, тиешелүү эрежелерге ылайык, ачыкка чыгаруу чаралары жүргүзүлсүн” деп айтылат . Мирзиёев өкмөткө үч айлык мөөнөттүн ичинде “Архивдик иштер” бирдиктүү маалыматтык системасын түзүү тууралуу сунушту киргизүүнү тапшырды.