Кеминде 20 жаштагы жигит окуучу кызды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн, 22-сентябрда болжол менен саат 06:00дө Кемин РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 57 жаштагы жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызында ал 20-сентябрда үйүнөн чыгып кетип дайынсыз жоголгон 14 жаштагы И.А. аттуу небересин табууга жардам сураган. Аталган факт Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Милиция кызматкерлери издөө иштеринин жүрүшүндө Кеминдеги ээн калган үйдөн жоголгон кыздын жансыз денесин табышты. Кыздын денесин кароо учурунда күч колдонуу белгилери болгон. Бул факт Жазык кодексиндеги 130-берене (адам өлтүрүү) боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Укук коргоо органдары кылмыштын изи сууй электе шектүү катары Кемин районунун Кашкелең айылынын 20 жаштагы К.А. аттуу тургунун кармашты. Шектүү буга чейин дагы кылмыш жообуна тартылганы белгилүү болду.

Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, 20-сентябрда болжол менен саат 21:30 да шектүү мас абалында өспүрүм кызды Кеминдин бир көчөсүнөн жолуктуруп калат. Ал кызга күч колдонуп, ээн калган үйгө алып барат. Андан кийин жигит кызды зордуктайын дегенде кыз ага каршылык көрсөтөт. Ошондо жигит кызды өлтүрө сабап салган.

Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, шектүү Кемин РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иши улантылууда.