Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекке келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин жетекчисинин орун басары Мирлан Парханов, экс-вице-мэр Айгүл Рыскулова жана Айсулуунун жүздөгөн күйөрмандары тосуп алышты.

Тыныбекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, алдыдагы пландары тууралуу айтты.

-Мен элиме Олимпиадада алтын алам деп сөз бергем. Ошол убадамды аткарып, ушундай эле күжүрмөн даярдык көрөбүз. Эч кандай интервью бербей машыгам. Бишкекке келип ого бетер толкунданып жатам. Нур-Султандагы сезимдер таркай элек Кыргызстандан Нур-Султанга аттанганда алтын алабыз деген тилек менен чыкканбыз. Бул ийгилик Олимпиадага бара жаткан жолубуздун экинчи этабы. Буга чейин дүйнөлүк чемпионатка даярданып жаткандыктан, журналисттерге жооп бере албадык. Ар бир убакыт маанилүү болду, көп телеканалдардан, ЖМКлардан баш тарттык. Эми деле ушундай жол менен даярдык көрөбүз. Андыктан журналисттерден кечирим сурайм

Дагы: https://sputnik.kg/sport/20190921/1045763778/aysuluu-tynybekov-kiyinki-kadamdary-tuurasynda-aytty.html

Айсулуу Тыныбекова Кыргызстанга келди.Учурда "Манас" аэропортунда Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекованы тосуп алуу салтанаты өтүп жатат. Балбан кызды күйөрмандары, жакындары колдоп-коштоп тосуп алышты.

Опубликовано Sputnik Кыргызстан: Окуялар менен күндүн жаңылыктары Суббота, 21 сентября 2019 г.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 26 жаштагы Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча 62 килограммга чейинки салмакта, алтын байге үчүн болгариялык 29 жаштагы Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.

Тыныбекова финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөрүп, баарын жеӊген.