Кечээтен бери Айсулуунун жеӊишине маӊдай жарыла кубанып, жетине албай турабыз. Бул жеӊиш жалгыз эле Айсулуунуку эмес, жалпы мамлекетибиздин жеӊиши! Андыктан айсулууга канча алкыш айтсак да аздык кылаар…

Жеке ишкер Алмаз Тиленов

Ал эми колунда бар байлар Айсулууга батир беле бере башташты. Биринчилерден болуп жеке ишкер, «ТС Групп Строй» курулуш компаниясынын ээси Алмаз Тиленов Айсулууга бир бөлмөлүү батир белек кыла турганын социалдык түйүндөрдөгү баракчасына төмөндөгүдөй жазды: » Саламатсызбы, Айсулуу! Сиздин утушунузга кубанып суйунучубуз койнубузга батпай, озубуз уткандай болуп уй-булом менен толкунданып отурабыз. Сиз 10 жылдан бери кыялданган максатынызга жеттиниз, Кыргызстандын эли сиз менен сыймыктанып, сиз учун дубасын берип утушунузду аябай кутту. Элдин умутун актадыныз деп ойлойм!… Уй-буломдун атынан жана биздин Курулуш компаниянын атынан сизге жаны салынып аткан «СУЛАЙМАН ТОО» аттуу турак жайынан 1-БӨЛМӨЛҮҮ БАТИР БЕЛЕКЕ берели деп чечтик.
Дайым Кыргызстандын туусун бийик көтөрүп, дайым жеӊиштин үстүндө жүрүшүнүздү каалайбыз!
Биздин куттуктообузду жана белегибизди кабыл алып коюнуз!
Сиз Курманжан Датка, Таттыбубу Турсунбаева, Бубусара Бейшеналиева жана башка кыргыздын эн мыкты айымдардын катарына кирип, өчпөс ииз калтырдыӊыз!
Женишиниз кут болсун!
«

Албетте, Айсулууга бериле турган мындай белектер дагы көп болот деген ишеничтебиз. Анткени, Айсулуу балбан кандай белек болсо да, баарына татыктуу. Кыргызстанда байлыгын батыра албай жаткан байлар көп. Алар да сараӊдык кылбай, баалуу белектерден берип калаар. Ал эми Айсулуу туулуп, өскөн жердештери Кочкор менен Майлуу -Суудагы байлар да белек берүүгө камынып, ойлонуп жатышса керек…