Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Казакстандын Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтында түз эфир учурунда белгилүү болду.

Тыныбекова 20-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта алтын байге үчүн таймашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күч сынашып, 5:3 эсебинде жеңишке жетти.


Эске салсак, финалдык беттешке чейин 19-сентябрда төрт беттеш өткөргөн. Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен жеңди. 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи менен күч сынашып, экинчи бөлүктө атаандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жеткен.

https://www.youtube.com/watch?time_continue=36&v=dG_Bt_GpBic