Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова бүгүн кечки саат 18:00дө Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын финалында күрөшөт. Маалым болгондой ал кечээ күнү төрт балбанды катары менен жеӊип, финалга чыккан эле.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматта: Тыныбекова 19-сентябрда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн 62 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып, жарым финалда түндүк Кореялык Жоң Сим Римди 7:0 эсебинде жеңип алганы жазылган.

Жарым финалга чейин Айсулуу Тыныбекова үч беттеш өткөргөн.

Алгач мексикалык Александра Ромеро Банниланы 8:0 эсеби менен утса, ал эми 1/8 финалда жапониялык балбан Якако Каваи болсо таандашынын далысын килемге басып, таза жеңишке жетти.

Чейрек финалда украиналык Юлия Ткач Остапчук менен таймашып, 9:6 эсебинде жеңишке жетти. 

Жарым финалга чыгуу менен Айсулуу Тыныбекова 2020-жылы Токиодо өтө турган жайкы Олимп оюндарына да жолдомо алды.

Айсулуу Тыныбекова эми финалда болгариялык Тайбе Мустафа Юсеин менен күрөшөт. Ал учурдагы Дүйнө чемпиону, 28 жашта. Ал 2010-2011-жылдары Европанын, 2012-2013-жылдары болсо Дүйнө чемпиондуктарында күмүш медаль утуп алган. 2014-жылы болсо ушул эле эң чоң беттештерде коло медалга ээ болгон. 2018- 2019-жылдары атаандаштарынын эч кимисине мүмкүнчүлүк бербей жеңип, Европа чемпиону аталган.

Нур-Султанда өтүп жаткан дүйнө чемпионтта атаандаштарын мөөнөтүнөн мурун жеңип келе жатат.