Жакшы мамиле түзүү үчүн, ооздон чыгып жаткан сөзгө  да маани берүү  керек. Сөз -бул адамдын оюнун котормосу.  Окуп көрсөңүз, биздин ата-бабалар  мыкты психолог болгондугуна ишенесиз. Себеби, мындагы психологдордун эми айтканы, кыргыздын эзелки накыл, макал-лакаптарында эле айтылып калган.

Биз, сүйлөп жаткан сөзүбүзгө жана үнүбүздүн басымына анча көңүл бура бербейбиз. Ыплас сөздөрдү көп колдоно баштаганы,  алкыш айтуу менен менменсинип сүйлөөнүн айырмасын билбей баратабыз. Бул биздин оройлугубуз менен  аң -сезимибиздин жардыланышы эле эмес, оозунан ак ит кирип, кара ит чыккан адамдардын жан дүйнөсү тынч алалбайт жана бакытка балкый албайт. Бардыгы тескерисинче болот. Кыйкырышып жаман-жакшы сөздөрдү айтышуу менен ичибизде терс энергияны топтойбуз. Андан баш оору көп байкалат жана нерв бузулат. Муну менен өзүбүздүн сөзүбүз кайра өзүбүзгө чагылышат (таасир берет).

Аны менен катар эле, акыл менен тилдин байланышы бар. Эгер акыл-эс жайында болсо, сөз да орунду. Жайында иштеген сак мээ дайыма позитивдүү ой жүгүртөт. Ушундай акылга ээ адамдар — башкаларды  сындабайт, шылдыңдабайт, кемчилигин айтып басынтпайт. Тагдырына таарынбайт. Сүйлөгөндө үн да токтоо жана сылык чыгат. Албетте, мындай адам менен баары эле сүйлөшкүсү келет. Жек көрүү менен сүйлөө- жан-дүйнөнүн чабалдыгынан кабар берет.

Статистика боюнча, уруштун  90%ы бирөө жөнүндө жаман айтуудан келип чыгат. Биз баарыбыз  — жагымдуу , айкөлдүк менен сөзүбүзгө маани берип  сүйлөгөндү үйрөнсөк. Чыгышта ойлонбой сүйлөгөн адамды — акыл калчабай эле ой келди сүйлөгөн адам катары баалайт.

Ал эми батыш элдери же орустар  ойлогон оюн түз айтышат. Өзүмчүл адамга — бирөө жөнүндө да жылуу сөз айтуу кыйын. Көп сүйлөгөн адам-аз нерсеге жетишет. Көп сөз- «жок» сөз. Аз жана саз сүйлөп, сабырдуу болсо, адам энергиясын да ошончо үнөмдөп калат. Ооздон чыккан сөз — ок менен барабар. Кийин актанып калба үчүн, ойлонуп, бирөөгө катуу айтып албоо керек.

Эгер, ооздон чыккан сөздүн мааниси так, маңыздуу  жана мээримге толо  болсо, анда канча «ачуу» сөздөр болсо да жүрөккө тез жетет.  Ал сөздөр ачуу эмес, маңыздуу катары кабыл алынат. Ошондуктан, урушса да энелердин сөзү катуу тийбейт. Себеби, алар мээримге толгон жана ак жүрөктөн айтылат.

Кээ бир адамдар, өтө эмоцианалдуу болушат. Алар адатта ойлонбой шар айтып жибериши мүмкүн. Мына ушундай адамдар, башкаларды көп таарынтып жана душманы да көп болот.

М. Шайымбекова