Нурболот мырза, сиздер тараптан аткарылып жаткан иштер тууралуу кененирээк кеп кылсак. ӨКМге мамлекеттен каралган бюджет силер пландаган иштерге толук жетет деп айтууга болобу?

 —Толук жетет деп так кесе айтуу кыйын. Бизге мамлекеттик бюджеттен 2 млрд. сомго жакын каражат каралат. Ал акчанын 80 пайызы жамааттын айлыгына кетет. Калган 20 пайыз каражат менен биз өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу иштерине сарптайбыз. Мисалы, биз курулуш иштерине жылына 200 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшайбыз. Албетте, бул аз. Каражат эӊ кооптуу, эӊ керек деген маселеге эле сарпталат. Былтыр биз республика боюнча 94 дамба ( мунун ичинде азыраак санда көпүрө да бар) курулган, быйыл дагы жыл соӊуна чейин курулуштун саны ушундай эле көрсөткүчтө болот. Бирок баса белгилей кетчү жагдай, бул курулуштарга сарпталган каражаттын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу азыраак. Эмнеге дегенде, былтыр курулуштардын көбү түз келишим менен жүргүзүлүп, биз анча-мынча утулганбыз. Быйыл болсо баардыгы тендер аркылуу жүргүзүлүп, курулуштун баасы 30 пайызга чейин арзан болду. Мисалы, 10 миллион сом деп жарыяланган курулуш, тендерден кийин 7 миллион сомго бүтүп жатат. Бул жагы биз үчүн жакшы үнөм болууда.  

—Негизинен ӨКМдин материалдык-техникалык базасы Эл аралык уюмдардын жардамы менен жаӊыланып жатса керек…

 —Туура айтасыз. Мисалы, быйыл Жогорку Кеӊештен ратификация аркылуу 3-4 министрлик биргелешип бир долбоор өткөрдүк. ӨКМге тийчү каражат 5 миллион доллар. Бул долбоорду Дүйнөлүк банк каржылайт. Бул акчага бизге тендер аркылуу керектүү жабдууларды алып беришет. Ал жабдуулар көчкүлөрдү, башка кырсыктарды мониторинг кылган агенттикке берилет. Өткөн жылы болсо башка бир долбоор менен Япониядан 22 “Пикап” үлгүсүндөгү машина, ПРООНдун долбоору менен бүт шарты бар 70 чатыр алганбыз. Суучулдардын жабдыгына көбүрөөк жардам сурап жатабыз. Эмнеге дегенде бул багытка бюджеттен акча каралбайт. Буйруса,  МОГО эл аралык уюмунан жылдын аягында 80 өрт өчүрө турган атайын унаа алганы турабыз. Азыр бизде 244 өрт өчүрө турган техникабыз бар. Арасында 1982-жылы чыгарылгандар да бар. Буйруса, 82 жаӊы техника келсе, чоӊ шаарларыбызды жаӊылап алабыз. Ошондой эле ушундай техникадан Кытайдан 100дү алабыз деп максат кылуудабыз.  Бул боюнча мамлекеттик келишим бар. Түркиядан өрт өчүрүүгө колдоно турган шатыларды алабыз. Быйылкы жылдын эсебинен мына ушундай жардамдарды күтүп жатабыз. Ал эми эмки жылы АБРдин жардамы менен 100 инженердик техника алууну максат кылуудабыз.  

2019-жылы катталган аба-ырайы жана башка өзгөчө кырдаалдарга кандай баа бересиз?

—Быйылкы жыл мурунку жылдарга салыштырмалуу, туруктуу, жеӊил болуп жатат десем болот. Албетте, быйыл жайкысын суу аз болду. Ошондой эле мөӊгүлөрүбүз көбүрөөк эриди. Сандар менен айтсак, быйыл бүгүнкү күнгө чейин 27 жолу өзгөчө кырдаал катталды. Мунун кесептинен чыгым 89 миллион сомду түздү. Ал эми былтыр ушул айга чейин 90 өзгөчө кырдаал катталып, чыгым 1 миллиард 177 миллион сомго жеткен. 2017-жылы болсо өзгөчө кырдаалдар 360ка чейин катталып, бир топ оор жылдардан болгон. Алдын алуу боюнча да иш жүргүзүп келебиз. Быйыл бул ишти эрте баштап, апрелге чейин 60-70 көчкү, селдин алдын ала алдык десек болот.

Жакында Суусамыр баштаган бир катар тоолуу аймактарда калыӊ кар жаап салып,   5 миӊ гектар  арпа кар алдына калды. Андан тышкары, мал-жан да өлүп, малчылардын өмүрүнө коркунуч келди. Мындай учурду айрым депутаттар жана социалдык түйүндөрдүн колдонуучулары ӨКМ аба-ырайы тууралуу эрте маалымат тараткан жок деп күнөөлөп жатышпайбы. Бул боюнча эмне айтасыз?

—Биз бул туруксуз аба-ырайы тууралуу маалыматты он күн мурун республика боюнча бергенбиз. Өзүӊүздөр билгендей биз катаал аба-ырайы тууралуу маалыматты телефон аркылуу да жиберип турабыз. Ал эми жергиликтүү бийликке, мэрияларга да өзүнчө атайын маалымат берилет. Бул маселеде жергиликтүү бийлик алдын ала чара көрүшү зарыл. Биз 10 күн мурун  маалымат бергендей эле жалпы тоолуу аймактарда малы менен калып калгандар көп эле болду. Биз ар бир район боюнча колдон келишинче жардам көрсөтүп, куткаруу иш-чараларын жүргүздүк.

—ӨКМдин  кызматкерлерине шарттар кандай түзүлүп жатат? Маселен, турак-жай менен камсыз кылуу, айлыктарын көтөрүү, кадр жана башка боюнча?

—Чынында бизде айлык маселеси чоӊ эмес. Быйыл аскер кызматкерлериникин 20 пайызга көтөрдү. Жаӊы кызматка орношкондор 8 миӊ сом,  мурунтан иштегендер тажрыйбасына жараша 12 миӊ жана андан жогору  алышат. Менин  айлыгым  милдеттүү түрдө кармоолордон кийин 29-30 миӊ сом болот. Ал эми кадр маселеси укмуш деп айтуудан алысмын. Бизде айлык азыраак болгондугуна байланыштуу бизге жумушка орношуп, бир аз үйрөнүп, анан башка айлыгы жогору кызматтарга кетип калып жатышат. Буга улай турак – жай маселеси менен камсыздоо акырындык менен жүрүп жатканын айта кетейин. Жакында эле Жалал-Абад, Нарында Россиядан келген каражат менен 48 батирди колдонууга бердик. Бул 48 батирге жалпысынан 74 млн. сом сарпталды.  Батирлердин чарчы метри  ички жасалышы менен толук бүткөрүлгөндө 200 доллардан ашык каражатка айланганын айта кетейин.  Азыр бизде дагы миӊден ашуун кызматкерибиз турак-жайга муктаж болуп турат.

—Уран калдыктарын коопсуз жайга көчүрүү иштери боюнча жакынкы жылдары бул багытта кандай иштер жасалат?

—Кыргызстан боюнча 92 уран калдыгы бар. Анын 60ы биздин баланста турат. Калганы жеке ишканалардын карамагында.  Жалпы  уран калдыктарынын көлөмү 910 миӊ кубка жетет. Биз жалпысынан көзөмөлгө гана алып турабыз. Азырынча аларды иштетип жатышат. Булардын эӊ кооптуу делгени – Миӊ-Куш, Майлуу-Суу, Кажы-Сай. Миӊ –Куштагы уран калдыктарын, тактап айтканда ал жактагы Туюк-Суу уран калдыгын коопсуз жайга көчүрүү боюнча РОСАТОМ өздөрү тендер өткөрүп, акырындык менен иш жүргүзүп жатат. Алардын бул иш аракети 2022- жылга чейин созулат. Жалпысынан 1 млрд.973 млн. рубль каралган. Азырынча ал каражаттын 250 миллиону эле сарпталды. Туюк-Суудагы 23 түтүн элди көчүрүп, уран калдыктарын тазалашса, ал жер кооптуу болбой калат.  Ал эми Майлуу-Суудагы уран калдыктарын ЕБРдин долбоору менен бүтүрүү аракетин көрүп жатабыз. Жалпы эсеп ачылган. Ал эсепке жакынкы жылдары  донорлор тарабынан 70 млн. евро топтолушу керек. Бул долбоордо негизинен Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандагы уран калдыктарынын  кесепетин жоюу каралган.  Былтыр бул боюнча чоӊ жыйын биздин демилге менен Нью-Йорк, Лондон шаарларында өтүп, ал жыйынды Кыргызстан уюштурду. Жыйынтыгында эсепке 34 млн. евро топтолду. Ошондой эле жыйын быйыл 21-ноябрда Кыргызстанда өтөт. Бул долбоор боюнча эки коӊшу өлкөгө караганда бизде активдүү иш болуп жатат, андыктан эсепке 70 млн. доллар топтолушун күтүп олтурбай, биринчи ишти Кыргызстандан баштоо маселеси бышыкталып жатат.

                Суроо салган, Айбек ШАМШЫКЕЕВ