Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда латын алфавитине өтүүнүн кажети жок экенин бүгүн, мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеевди кабыл алган учурда билдиргенин президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгына карата өткөрүлө турган иш-чаралар талкууланды. Мамлекет башчысы акыркы мезгилде коомчулукта кызуу талкууланып жаткан латын алфавитине өтүү маселеси боюнча: « Биздин маданий, илимий потенциал кириллицага негизделген шартта калыптанып, ийгиликтерди жаратты. Биз ашыкча талкууга убакыт коротпой, колдогу мүмкүнчүлүктөрүбүз менен максаттарыбызды ишке ашырып, өнүгө беришибиз керек»- деген пикрин билдирди.

Кыргызстанда латын алфавитине өтүү боюнча демилгеси 1990-жылдардан бери көтөрүлүп келаткан маселенин бири.