Орусиянын карамагындагы Якутия (Саха) Республикасында сот жергиликтүү аялды зордуктады деп шектелген үч кыргызстандык жаранга өкүм чыгарды. Кылмышка шектүү делген үчөөнө үч башка жаза чегерилип, алар 14, алты жана төрт жылга эркинен ажыратылды.

Үчөөнө «адам уурдоо», «опузалап зордуктоо», «талап-тоноо» беренелери боюнча айып тагылган. Азырынча сот өкүмү күчүнө кире элек.

Эске сала кетсек, Якутияда быйыл жазында болгон бул окуя чоң талкуу жараткан эле. Кылмышка шектүү делген кыргызстандыктар үчүн жүздөгөн жергиликтүү тургандар мигранттарга каршы нааразылык акцияларга чыгышкан. Бишкектен Якутияга өкмөттүк делегация барып, республиканын бийлик өкүлдөрү менен сүйлөшүү жүргүзгөн. Ошондой эле алар мамлекеттик телеканал аркылуу жергиликтүү элден кечирим сураган.

Быйыл 18-мартта Орусиянын Тергөө комитети жергиликтүү аялды уурдап кетип, зордуктаган деген шек менен үчөө кармалганын билдирген. Алардын бири – Кыргызстандын жараны күнөөсүн мойнуна алганы кабарланган. Ушундан соң Якутияда адегенде стихиялуу, кийин бийлик уруксат берген митингдер өткөн.