Камчы Көлбаев Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө барганын бир катар ЖМКлар жазып чыгышты. Ал бүгүн болжол менен саат 15:30да барган. Мындан тышкары РИИБге ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери да келген.

Көлбаев Кара-Балта шаарында жүргөн. Анын милицияга барышынын себеби азырынча белгисиз.