Жогорку Кеңештин депутаттары Билим берүү жана илим министри кызматына Каныбек Исаковдун талапкерлигин жактырды.

Аны парламентке бүгүн, 11-сентябрда вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тааныштырды. Исаковду аталган кызматка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көрсөткөн.

Каныбек Исаков 2011-жылдан бери Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп иштеп келатат.

Мурдагы министр Гүлмира Кудайбердиева өзү берген арызынын негизинде кызматынан бошотулган. Ал бул кызматта 2016-жылдан бери эмгектенип келген.

Кудайбердиева башкарып турган учурда басылып чыккан окуу китебиндеги, айрым документтердеги каталар, тендерге байланыштуу бир топ сын-пикирлер , ошондой эле Нарындагы контейнер мектеп боюнча да катуу сын айтылды.