Кечээ 2010-жылы 7-апрель революциясынан кийин мамлекетти башкарышкан Убактылуу өкмөттүн бир топ мүчөлөрү Бишкектин ресторандарынын биринде чогулушуп, чайлашканы маалым болгон эле. Ал  чайлашууга экс-президент  Роза Отунбаева, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев, Кеӊешбек Дүйшөбаев, Азимбек Бекназаров, Кубатбек Байболов, Эльмира Ибраимова ж.б. келишкен. Исмаил Исаков бул чогулуунун биринчи максаты абактан чыккандарына аз эле болгон Текебаев менен Чотоновго учурашып, ден-соолугун суроо жана азыр эмне болуп жаткан билүү, пикирлешүү, мындан ары бир болуу  экенин айткан. Ал эми бүгүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн Президент Сооронбай Жээнбеков 14-сентябрга «Ала-Арча» резденциясына жолугууга чакырганы маалым болду. Азырынча эмне маселе талкууга алынары ачыктала элек