ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын (Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалык) жетекчиси болуп Каныбек Абдрахманов дайындалды. Анын дайындалышы соцтармактарда талкууга алынууда. Каныбек Абдрахманов 2017-жылы Уюшкан кылмыштуулукка каршы башкы башкармалыгынын бөлүм башчысы болуп иштеп турганда пара талап кылууга шектелип, кылтакка илинген. Аны менен кошо дагы 3 милиция кызматкерин кармап, СИЗОго киргизген. Эки жылдан кийин сот Каныбек Абдрахмановду далилдер жетишсиз деп актаса, анын бир кызматкери күнөөлүү деп табылган. Ал кызматкер бардык күнөөнү өзү мойнуна алган. Дагы 2 кызматкердин иши боюнча сот аяктай элек.

Ал эми Каныбек Абдрахмановдун ордунда ага чейин иштеген Акылбек Мамасейитов Баткен облустук милициясына жетекчи болуп жакында эле дайындалган.