Улуттук банктын маалыматы боюнча, акчанын өлкөдөн сыртка агылган көлөмү биринчи жарым жылдыкта 247,6 миллион долларга жетти. Бул көрсөткүч 2005-жылдан берки статиканы алганда рекорддук болуп эсептелет. Албетте, мынча чоӊ көлөмдөгү каражат кайдан карапайым адамдарга  тиешелүү болсун. Бул олчойгон каражаттардын басымдуусу ондогон жылдар бою мамлекетти басып жеген коррупционер-миллионерлерге, ошондой эле  өз эмгектери менен  байыган чоӊ бизнесмендерге таандык. Алар Кыргызстанда чоӊ акча кармашпайт. Көбү офшордук аймактарга которуп, акчалардын изин жашыруу аракетин көрүшөт. Мындан тышкары, акыркы жылдары Кыргызстанда орто бизнес да сыртка акча чыгарууну адатка айлантып баратат. Албетте, мунун баары өлкөнүн экономикасы үчүн эӊ эле кооптуу жагдай болуп эсептелет. Өнүгүүгө бет алган мамлекетте мындай маселе жаралбайт. Демек, биз өнүгүүгө  эмес, башка бир жакшы эмес багытка кетип бараткандайбыз.