Атамбаевди ийгиликсиз кармап, иштин баарын  иритип-чиритип жиберген УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев эмдигиче  төрдү бошото элек. Мамлекеттин аброюн түшүргөн Кой-Таш операциясынан бери бир айдан ашуун убакыт өттү. Атамбаев баш болгон жоопко тартылуучулар абакта жатышат. Атамбаевдин тарапкерлери деле жоошуп калды. Бирок мамлекеттин бетине көө сүйкөп, дүйнө жүзүнө шерменде кылып, президентти уят кылган Опумбаевдин эмдигиче отставкага кетпей олтурганы жакшы көрүнүш эмес. Жээнбеков “ишти аягына чейин бүтүрүп, анан кетесиӊ” – деп айтты эле. Бул маселе боюнча бир топ иш бүттү. Калган ишти Опумбаевсиз деле бүтүршмөк. Кыскасы,  коомчулукка жек көрүндү болуп калган адамдын койкоюп иштеп жатышы президентке эч кандай аброй алып   келбейт. Же Жээнбеков анын ордуна татыктуу талапкер тандай албай жатабы?