2017-жылдын 29-декабрынан бери Мамлекеттик мүлк фондусун жетектеп келген Ринат Түлөбердиев деген эргул деги эле аттан түшсө да ээрден түшпөй койду. Жакында эле аны бийликтин билермандары Мамлекеттик мүлк фондусунун ишин алдыга жылдара албай, сындан баш чыкпай койгондон улам, акыры кызматтан алышкан. Бирок Түлөбердиевден түӊүлбөгөн бийлик «Улуттук башкаруучу компания» ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы кызматына дайындады.  Бул адам Бакиевдин колуна  “суу куяр”, сүймөнчүк кадры эле.  Мына ушул ыкмасы менен Ак үй, Көк үйдөгү билермандардын тилин таап, кызмат маселесин улам ийгиликтүү чечип келаткандай. Бакиев канкор Кыргызстандан кубаланганына он жылга аяк басып калса да,  анын Түлөбердиевге окшогон эпчил эргулдары кызматтан кызматка көтөрүлүп чартаӊбай  тээп келишет. Чынында Түлөбердиевдин буга чейинки иштеген ишмердүүлүгүн тыкыр иликтеп койсо далай былыктар чыгары бышык. Бирок укук коргоо органдары Ак үйдөн буйрук болмоюнча андай кадамга барышпайт. Ушул тапта Кыргызстанда коррупционерлердин заманы болуп турганда алар  “кол тийбестикке” ээ жана ошого жараша кызматтан кызматка көтөрүлүүгө  абдан эле укуктуу.