Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы болуп дайындалганына 20 күндөн ашты. Буга чейин аталган бөлүмдү Улан Кулов башкарып келген. Эми ал Калиловдун орун басары болуп калды. Мурдагы министр  Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен. Анын орун басары Азимкан Жусубалиев коррупция беренеиси менен 14 жылга эркинен ажыратылган. Калилов болсо «суудан кургак чыгып», минтип кайрадан «майлуу» дайындалып олтурат. Бизде мына баары ушинтип тескеринен болот…Калиловдун милдети эми  Кыргызстан-Кытай-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча долбоорду алдыга жылдыруу. Биздин атка минерлер асфальт жолдон жеген миллиондорго ыраазы болбой, эми темир жолдон да миллион эмес, миллиарддарды жегенге минтип билек түрө киришип турган кези. Ал үчүн бул жаатта тажрыбасы мол адамдарды коомчулук каршы болуп, сын айтып жатканына карабай, жандалбастап алдына-ала керектүү кызматтарга дайындап жаткнадай…Иттики десе. Кызы талактыкы…