Же белгилүү офтальмолог, Кыргыз Республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Асизбек Эшмамбетов  жөнүндө  дил  маек.

Бул турмушта адамдардын баары бирдей эмес. Бирок ошол беш кол тең эмес жашоодо “ мен мына муну жасадым” деп мактанбаган, табиятынан жөнөкөй, адамдар үчүн дайыма жүрөгү ачык, алар үчүн ар дайым колдон келген жакшылыгын жасай билип, адамдарга жакшылык тартуулаган адамдар бар.

            Бүгүн биз ошондой бир катардагы замандашыбыз,отуз жылдан ашык убакыттан бери көз доктур болуп иштеген Асизбек Эшмамбетов жөнүндө сөз козгойлу деп турабыз.

Мен бул жигитти көп жылдардан бери билем, мурдагы учурларда эл оозунан да укчумун, бара — бара журналисттик кызматыма байланыштуу ден соолук багытында  саламаттыкты сактоо тармагында иштеген көптөгөн адамдар менен жолукканымда –адам организми, андагы жашыруун жана белгисиз сырлар, медицина менен адам организминин ортосундагы күрөш, кыргыз медицинасындагы профессионалдуулук менен шаблондук, ошол эле учурда врач- дарыгердин адамкерчилик деӊгээли менен профессионалдуулугу жөнүндөгү көп ойлорго такалчу болдум.

            Кайсыл кесип болбосун, анын кесипкөй устаты болууга болот, бирок чыныгы адамкерчилик деген нерсеге татыктуу болуш өзгөчө бүгүнкү рыноктук, акчага кул болгон заманда мындай деп так кесе айтыш кыйын болуп калды. Ачыгын айтканда медицинада да ошондой, акчаң болсо дарыланып ден соолугуңду сактай аласың, акчаң жок болсо алдың бүдөмүк!…

Ал эми медицинада болсо дарыгердин бейтапка болгон чыныгы адамкерчиликтүү мамилеси ооруну айыктырганга тете! Медайымдын бир жарк этип күлгөнү ажалдан арачалаганга барабар! Ал эми бүгүнкү заманда жаны кыйналып, колунда акчасы жок канча адам тагдыр менен бет келишпейт дейсиң!Мына ошондой кырдаалда жакындан жардамга келген врач –дарыгер жөнүндө бүгүн кеп кылалы деп турабыз.

            Асизбек Эшмамбетов 1960-жылы Нарын областынын Ат-Башы районундагы азыркы Ак-Талаа, мурдагы Калинин айлында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.Атасы Эшмамбет Кыргыз Республикасынын Эл агартуусунун отличниги, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, энеси Жумакүл –он баланы төрөп, тарбиялаган Баатыр эне, ал киши дагы кесиби боюнча мугалим болгон.

            Өз айлынан орто мектепти аяктаган Асиз адеп жогорку окуу жайга тапшырып, ата кесибин улап мугалим болгусу келген, бирок окууга өтпөй калып, Нарындагы областтык ооруканага барып, шофер болуп орношот.

            Адам тагдырынын бурулушу кенедей эле жерден деп коюшат ,кыргызда…  Ошол областтык ооруканада  “Тез жардамдын” машинасын айдаган Асизке кудай ичине шыпаа салганбы, же ондогон – жүздөгөн ар кандай оорулууларга күн дебей, тун дебей жардамга барганда, алардын катуу кыйналган абалдарын көргөндө врачтардын касиеттерин байкагандан уламбы, же кыргыздар айткандай маңдай –бешенесине ошол учурдан баштап Кудай –таала жазганбы, айтор ошол жылдан баштап врач- дарыгер болом деген ой- максаттын артынан түшөт.

Ошол максат менен кыргыз мамлекеттик медицина институна тапшырып, аны ийгиликтүү аякттоо менен 1988-жылы республикалык  №1 клиникалык оорукананын базасында интернатураны аяктаган жаш уланды алыскы Тянь-Шань районуна багыттама беришип, райондук борбордук ооруканада 1989-1993-жылдары врач-офтальмолог болуп иштейт. Бул жылдар Асиз үчүн такшалуунун, өз кесиби боюнча терең тажырыйба алуунун учуру болду. Алыскы жайлоо- кыштоолордогу, калк жашаган айыл-кыштактардагы көзүнөн жабыркаган адамдарды дарылап, айыктыруу менен, жаш адистин көз ооруларын  операциясыз да, операциялоо жолу менен дарылап айыктыруу боюнча алгачкы илимий көз караштары ошол жылдары калыптанат. Көп кишилердин батасын алат, оорулууларды дарылап –айыктыруу боюнча ишеними артат, билим- тажрыйбасын дагы жогорулатууга умтулат.

            1993-жылы Бишкек шаарына келип “ Магистр” медициналык борборуна келип, көздүн микрохирургиясы бөлүмүн жетектеп, ал жерде 1996-жылга чейин иштейт.1996-жылдан бери тарта “Дордой-Офтальмик- Сервис” көздүн микрохирургиясы медициналык борборунда учредителдик милдетти аткаруу менен Генералдык директорлукту аркалап келет.

            Врач- менеджер катары Асизбек Эшмамбетов көз ооруларын дарылоонун жаңы заманбап ыкмаларын таап, ишке киргизүүнүн үстундө тынбай алпурушуп эмгек өтөп келет.Ал көз ооруларын дарылоо боюнча Кыргызстандагы алдыңкы ийгиликтерге жетишкен новаторлорунун сап башында турат.Ал 1995-жылы бүтүндөй Борбордук Азия жана Кыргызстан боюнча жаңы технологиялардын жардамы менен көз протездерин жасап чыгаруучу лабораторияны ачууга жетишкен.  Бул лаборатория  көз протездерин жасоо боюнча Москвадан кийинки экинчи орунда тургандыгынын өзү бул борбордун канчалык мааниге ээ экендигин далилдейт.Муну менен мурун түздөн- түз Москвага жана Европа өлкөлөрүнө кайрылууга аргасыз болгон көз оору боюнча пациенттердин проблемасы Орто Азия  менен Кыргызстанда чечилген.

1999-жылы Москва шаарындагы Бүткүл россиялык көздүн контакттык коррекция борбору менен бирдикте Бишкек шаарындагы лабороторияда контактык линзаларды чыгаруу ишке ашырылат.

            Асиз Эшмамбетовдун жетекчилиги менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн  ичинде биринчилерден болуп көздүн искусстволук хрусталигин ( чел кабыкчасын)  жасоо ( автору А.А. Ботбаев) 2010-жылы Берлинде өткөнофтальмологдордун Бүткүл дуйнолүк конгрессинде жогорку баага татыган. Бул жаңы тажырыйба ошол эле жылы “Дордой-Офтальмик-Сервис” те ишке киргизилген.

            2001-жылы Асиз Эшмамбетов өзүнүн медициналык борборунда АКШдан чыккан “Universal” факоэмульсификатор жаңы технологиясынын жардамы менен көздүн катарак оорусун шобу жок операция жасоого жетишкен. Мындай операциядан кийин пациент  эки сааттан кийин үйүнө кайтууга мүмкүнчүлук алат.Мунун өзү кыргыз медицинасында жок нерсе эле!

            2004-жылы Россиядан чыккан “ Ракот-6” технолгиялык жабдуусунун жардамы менен көздүн катуу катарагын алууга жетишет.2009-жылы АКШдан чыккан  ”LEGACI ” факоэмульсификаторун ишке ашуурууга жетишет.

            Асиз Эшмамбетовдун жетекчилиги жана туздөн- түз демилгеси менен Кыргыз Улуттук Медициналык академиясынын Көз оорулары кафедрасы менен бирдикте офтальмология боюнча 5 Борбордук Азиялык конференциялары  атактуу Ысык- Көлдө өткөрүлүп келди.Бул конференцияларга Россиядан, Германиядан, Украинадан,Турциядан, Индиядан жана Борбордук Азия республикаларынан ар жыл сайын 200дөн кем эмес офтальмолог окумуштуулар катышууда.

            Мына ушундай иш чаралар жана  эл аралык маанидеги илимий- теориялык конференциялар кыргыз офталмологиясынын эл аралык маанидеги кадыр- баркынын жогорулашына жана заманбап тажырыйба топтоого кеңири жол ачып жаткандыгын белгилөөгө болот.

            Мына ушундай талыкпаган , күжүрмөн жана изденүүчүлук менен жаралган ийгиликтердин натыйжасында Асизбек Эшмамбетовго “Офтальмологиядагы азыркы учурдун жогорку технологиялык ыкмалары: Кыргыз окумуштууларынын теоритикалык иштеп чыгуулары жана практикалык иш тажырыйбалары” аттуу коллективдүү эмгекке авторлош болгондугу үчүн Кыргыз республикасынын Илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылды жана ал ушул жогорку мамлекеттик сыйлыктын лауреаты деген ардактуу наамдын ээси болду.

            Асизбек Эшмамбетов башкалар менен биргелешип чыгарган 12 илимий макалалардын жана жаңы рационализатордук сунуштун автору катары Кыргызпатенттин 7 күбөлүгүнүн ээси. Ал 2012-жылы “Борбордук Азиядагы эң мыкты врач-уюштуруучу” деген номинациядагы Ата- Түрк атындагы алтын медал менен сыйланган.

            Эми баяндообуздун аягында макалабыздын  каарманы менен болгон чакан дил маекти сиздерге сунуш кылабыз:

—Ушунча жыл иштеп канча адамдын сообуна калдыңыз?

—Жалпы кайрылып жардам алган пациенттеримдин саны 40миңден ашык, анын ичинде 10миңден ашык клиникалык операция жасадым.

—Үй- бүлөңуздө Сиздин жолду жолдогондор барбы?

—Келинчегим биохимия боюнча медик –лаборант,Эки уул, бир кызым бар, экинчи уулум  Төлөгөн менин жолумду жолдоп врач-офтальматолог болуп чыкты. Буга чейин Африкада, Индияда,россияда иштеп тажырыйба алып келди, азыр мени менен чогуу иштейт,29 жашта. 3 неберем бар.

—Ушул жетишкендиктериңиздин сыры эмнеде деп ойлойсуз?

—Мен баардык учурдагы практикалык иштерим менен катар илимди таштаган жокмун. Врач күндө окуп, уйрөнүп турушу керек. Экинчиси- тынбаган эмгек, жаңычылдыкка умтулуу, чет өлкөлүк алдыңкы тажырыйбаларды үйрөнүү , коллегаларымдын колдоосу, элдин батасы ушуга алып келди го деп ойлойм.

—Сиз үчүн бакыт деген  эмне?

—Эмгек кылып тапкан нерсеңдин үзүрүн көрсөң, ишиң алдыга журүп турса, балдарың жакшы чыкса, колуңа келген оорулуу айыгып чыкса – мен үчун бакыт мына ушулар…

—Материалдык байлыкка кандай карайсыз?

—Менин материалдык байлыгым- менин ишиме салган акчам.

—Бош убактыңызды кандай өткөрөсүз?

—( Күлөт) Менде бош убакыт деле жок болуш керек. Анда-санда майрам күндөрү, балык уулоого, сууга сүзгөнгө, мончого барганым болбосо… Отпускалык тыныгууда Ат-Башыга барып ат минем, жайлоо кыдырам, балалык кезге кайрылам… .

— Саясатка кандай карайсыз?

— Саясатка аралашкым келбейт.

—Кыргызстандын келечеги жөнүндө эмне ойлойсуз?

—Кыргызстандын келечеги- эгер чиновниктер жебесе жакшы эле болот. Биз кичинекей мамлекетпиз, 6 миллион элди жөн эле багып алса болот.

—Түшүӊүзгө дагы көздөр киреби?

—Көз деген бул-жарык дүйнөнүн күзгүсү.Ылайым ар бир адамдын карегин булут чалбасын. Менин тагдырыма ушуну жазган экен- адамдардын жарык дүйнөнү таасын таануусу үчүн күрөшүп, колумдан келген жардамымды тартуулап келем. 

                                                       Маектешкен: Дүйшөк МАМБЕТӨМҮРОВ