Кумтөр кени иштетиле баштаган 1997-жылдан 2018-жылга чейин кенден 374,3 тонна алтын өндүрүлгөн. Андан тышкары быйыл дагы 12 тонна алтын казылып алынган. Бул тууралуу
Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовдун маалыматында айтылат.

— Бүгүнкү күндө борбордук карьерде 77 тонна 595 кг, Сары-Төрдө 16 тонна 614 кг, түштүк-батыш карьеринде 10 тонна 136 кг алтындын запасы бар. Жалпысынан 104 тонна 345 кг алтын бар. Андан тышкары дагы 23 тоннадай алтын бар деген божомол бар. Советтер Союзунда чалгындалгандан кийинки маалыматтар боюнча кенде 716 тонна алтын болгон, — деди Осмонбетов.