9-сентябрда Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө Skoda Octavia үлгүсүндөгү унаа менен №8чи автобус сүзүшүп, 4 адам каза болгону маалым. Ошондой эле 7 адам жаракат алган. ӨКМ каза болгон балдардын баары 2002-жылы туулган тастыктады. Алар Б.Б., К.А., Ж.Э., А.Б., аттуу жигиттер.

Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна 3 адам жеткирилген. Алар:
— 1989-жылы туулган Б.А. баш мээси чайкалган, жандандыруу бөлүмүндө. Абалы оор.
— 1960-жылы туулган Б.Г. билеги сынган, абалы орточо оор.
— 20-25 жаштар чамасындагы аты-жөнү тактала элек кыз. Баш мээсинен жаракат алган, эсине келе элек. Абалы оор.

Улуттук госпиталга:
— 1998-жылы туулган Т.Б. баш мээси чайкалган. Абалы орточо оор.
Шаардык балдар клиникасына:
— 2003-жылы туулган Ж.Н. баш мээсинен жаракат алган, абалы орто.

— 2011-жылы туулган М.А. жеңил жаракат алган. Абалы канааттандырарлык.