Газпром ишканасы куруп, окуучулар айына 23 миӊ сом төлөп окуган мектептин окуучулары интеренетте талкууга алынды. Видеодон терезеге чыгып алып бийлеген окуучуну көрүүгө болот. Бул тасма социалдык түйүндөрдө ар кандай кабылданып, талкуу жарата баштады.

Аталган мектеп Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан. «Борбор Азияда аналогу жок» деп макталып жаткан бул мектептин имараты 6000 чарчы метр болуп бүттү. Ичинде эл аралык стандарттагы эки бассейни, эки спорт залы, бий залы, бейтапканасы жана китепканасы бар. 960 окуучуга ылайыкталган.