Илим Карыпбеков көп убакыттан бери тайэнеси менен ар кыл багытта баарлашып, аны интернет желесине жарыялап келет. Жөнөкөй эле барлашуу эмес, ар кимди ар кандай ойго салган кызыктуу баарлашуу. Ошону менен бирге бактылуу апанын баалуу кептери адамды айласыздан күлкүгө салып, жакшы маанай тартуулап келет. Бул жолку баарлашуу бата тууралуу болду.