Милиция Бишкекте эки кишини аеосуз сабады делген шектүүлөрдү колго түшүргөнүн Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматта: «Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматы шектүүлөрдүн изине түшкөнү, анын жыйынтыгында 34 жаштагы Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп айтылат. Ал эми бул тасмада көрүнүп тургандай кылмышка шектүүлөр бүгүн таӊда Бишкек милициясынын имаратына өздөрү келишкен:

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

ИИМдин берген маалыматы боюнча, Казыбек Бапышев бир эле шектүүнүн агасы.