2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын алкагында өтүп жаткан Тажикстан менен Кыргызстандын курама командаларынын беттешинде тажик командасы бир кыргыз командасынын дарбазасына бир гол киргизип, жеӊишти камсыз кылышты. Беттеш бүгүн Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өттү.

. Тандап алуу оюндарына катышуу үчүн башкы машыктыруучу Александр Крестинин курама командага 23 оюнчуну чакырган. Бул оюнга команданын капитаны Валерий Кичин жана Антон Землянухин катышкан жок.

2022-жылы Катарда өтө турчу дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычында Кыргызстан F тайпасына туш болуп Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.