Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Жарым финалга чыккан жаш Барпы атка конгон Эламан Келдибеков казак акыны Мухтар Ниязов менен жакшы эле таймашты. Бирок Келдибеков кыска гана ырдап, Ниязов узун ырдады. Калыстар тобу казак акынына көбүрөөк упай беришти. Ошентсе да, Келдибековдун казактарга карата айткан айрым кептери тархта кала тургандай эле болу окшобойбу. Жаш Барпы бул айтышта эл көзүнө көрүнүп, купулуна толуп, 3-орунду багынтып, 100 миӊ сом сыйлык алды. Андан тышкары Бексултан Жакиев атындагы сыйлыкка да татып, 25 миӊ сомду капчыгына салды.