Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Жарым финалга чыккан айтылуу актаӊдай акын Жеүишбек Жумакадыр менен казак акыны Жандарбек Булгаков да кызыктуу айтыш куруп, элдин черин жазышты. Жандарбек да оӊой акын эмес экени байкалып турду. Жеӊишбек акынга жемин оӊой эле жедирип жибербей, олтту кеп айтып олтурду. Ошондой эле ал казактын чапанын Жеӊшбек акынга белек кылды. Бул айышта финалга чыккан Жеӊишбек акын баш байге 250 миӊ сом, ал эми Жандарбек 1-орунду ээле 150 миӊ сом алды.