Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Жарым финалга чыккан айтылуу актаӊдай акын Азамат Болгонбаев менен казак акыны Балгынбек Имаш дагы кызыктуу айтышып, элдин черин жазышты. Азамт акын өзүнүн башк акындарда жок шөкөттү чапанын ваннага кийиген халатка салыштырган Балгынбекке батыл жооп кайтырып, элди ыраазы кылды. Эске сала кетсек, Азамат бул айтышта экинчи орунду ээлеп, 150 миӊ сом байге алды. Мындан тышкары, Тууганбай Абдиев атындагы сыйлыкка татып, 25 миӊ сомду болду.

Ал эми 3-орунду ээлеген Багынбек акын 100 миӊ сом байге жана Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлык- 25 миӊ сом алды.