Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Жарым финалда казак акыны Айнур Турсунбаева Асылбек Маратов менен да кызыктуу айтышып, өзүн мыкты акын экенин далилдеди. Айнур акын Асылбекке: «Элманга кызымды бердим, сага эмнемди берейин » десе, ага жооп кылып: «Эмнеӊизди сурасам»- деп Асылбек да тапанданып Айнур айымдын бир топ айласын кетирди. Бул айтышта 1-орунду ээлеген Асылбек акын 200 миӊ сом, ал эми баш байгеге жеткен Айнур акын 250 миӊ сом алышты.

Эки акындын кызыктуу айтышын төмөндө көрүп, чер жазыӊыздар:

+
https://www.youtube.com/watch?v=HKyJVxSa3nU&t=215s