Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн «Шарк таронлары — 2019» сынагында ага-ини Эламан жана Айбек Каныбековдор биринчи орунду ээлешти. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган сынакка 80ге жакын өлкөдөн 300гө жакын өнөрпоз катышкан. Анын жыйынтыгы менен кыргызстандык комузчулар мыкты деп табылып, атайын диплом менен сыйланды.

Сынак эки жылда бир өтүп келет.