Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө кечээ күнү болгон жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Финалга чыгышкан Жеңишбек Жумакадыр-Айнур Турсунбаеванын айтышы жогорку деӊгээлде болуп, айтышты сүйгөн элдин моокумун кандырды.

Жарым финалда казак акыны Айнур Турсунбаева Асылбек Маратов менен да кызыктуу айтышып, өзүн мыкты акын экенин далилдеди. Мына ошол айтыш учурунда айтышты алып барып жаткан айтылуу жазма акын Мирлан Самыйкожого көрүүчүлөр тараптан кат берилди. Ал катта көрүүчүлөр казак акыны Айнур Турсунбаева менен кыргыз акыны айтылуу ак таӊдай Элмирбек Иманалиевдин айтышын суранышкан. Анткени бул эки акын бир топ жыл мурун укмуш айтышып, элдин эсинде калышкан. Ошондо Элмирбектин Айнурга болгон махабат-сезими абдан тереӊдик менен айтылганы эмдигиче кызуу сөз болуп келет.

Эл мына ошондой айтышты дагы да кайталап көргүсү келген. Бирок финалда Жеӊишбек менен Айнурдун айтышы мыкты болгону үчүн, Айнур кыздын залда олтурган Элмирбек менен айтышуусу болгон жок. Казак кызын кайра-кайра кыйнабайлы деген кеп айтылды. Бирок ошентсе да, айтылуу акындардын айтышын эки саатай күткөн көпчүлүк үчүн бул маселе арман болуп калды десек болот. Аманчылык болсо Элмирбек акын менен Айнур акындын арзуу айтышын али алдыда дагы да көрөрбүз деп тилек кылып туралы.

Төмөндө байгеге татыктуу болгон кыргыз-казак акындарын тизмеси:

Эске сала кетсек,жалпысынан байге фонду 2 миллион сомду түзгөн.

Кош байгалер:
Баш байге. Жеңишбек Жумакадыр-Айнур Турсунбаева-250 миӊ сомдон
1-орун.Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков. 200 миӊ сомдон
2-орун.Азамат Болгонбаев-Мухтар Ниязов. 150 миӊ сомдон
3-орун.Эламан Келдибеков- Балгынбек Имаш. 100 миӊ сомдон
Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык.
1.Мухтар Ниязов. 25 миӊ сом
Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлык.
2.Балгынбек Имаш. 25 миӊ сом
Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык.
3.Азамат Болгонбаев. 25 миӊ сом
Бексултан Жакиев атындагы сыйлык.
4.Эламан Келдибеков. 25 миӊ сом

Мындан тышкары Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Назаркул Ишекеев кыргыз акындары Жеӊишбек баштаган 4 акынга «Кыргыз тили» төш белгиси жана ардак громматаларды тапшырды