Мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына жана залкар төкмө акын Алымкул Үсөнбаевдин 125 жылдыгына арналган XIII Эл-аралык Айтыш-2019 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда болуп өттү. Бул айтышка Кыргызстандан 46 акындын ичинен 8 акын тандалып алынган. Ошондой эле казактардан да бир топ акындардан тандалган 8 күчтүү акын катышты. Эки күндүк айтыш өтө кызыктуу болду. Өзгөчө кечээ күнү болгон жарым финал менен финалдык айтыштар көрүүчүлөрдүн бүйүрүн кызытты. Финалга чыгышкан Жеңишбек Жумакадыр-Айнур Турсунбаеванын айтышы жогорку деӊгээлде болуп, айтышты сүйгөн элдин моокумун кандырды.

Опубликовано Gulzada Abdyrahman Суббота, 31 августа 2019 г.

Эске сала кетсек,жалпысынан байге фонду 2 миллион сомду түзгөн.

Төмөндө байгеге татыктуу болгон кыргыз-казак акындарын тизмеси:

Кош байгалер:
Баш байге: Жеңишбек Жумакадыр-Айнур Турсунбаева-250 миӊ сомдон
1-орун.Асылбек Маратов-Жандарбек Булгаков. 200 миӊ сомдон
2-орун.Азамат Болгонбаев-Мухтар Ниязов. 150 миӊ сомдон
3-орун.Эламан Келдибеков- Балгынбек Имаш. 100 миӊ сомдон
Эстебес Турсуналиев атындагы сыйлык.
1.Мухтар Ниязов. 25 миӊ сом
Ашыраалы Айталиев атындагы сыйлык.
2.Балгынбек Имаш. 25 миӊ сом
Тууганбай Абдиев атындагы сыйлык.
3.Азамат Болгонбаев. 25 миӊ сом
Бексултан Жакиев атындагы сыйлык.
4.Эламан Келдибеков. 25 миӊ сом

Мындан тышкары Президентке караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын жетекчиси Назаркул Ишекеев кыргыз акындары Жеӊишбек баштаган 4 акынды «Кыргыз тили» төш белгиси жана Ардак громматалар менен сыйлады.