Мурдагы транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын темир жолду долбоорлоо жана куруу дирекциясынын башчысы болуп дайындалды. Буйрукка» аталган ишкананын башкы директору Канатбек Абдыкеримов кол койгон. Мурдагы министрге буйрук 21-августта чыккан. Учурда ал ишке киришти. Буга чейин аталган бөлүмдү Улан кулов башкарып келген. Эми ал жаӊы дайындалган Калиловдун орун басары болуп калды

Мурдагы министр Жамшитбек Калилов 2018-жылдын 14-декабрында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында «ири өлчөмдө пара алган» деген шек менен кармалган орун басарына байланыштуу президент Сооронбай Жээнбековдун сынынан кийин арыз жазып иштен кеткен. Анын орун басары Азимкан Жусубалиев коррупция беренеиси менен 14 жылга эркинен ажыратылган. Калилов болсо «суудан кургак чыгып», минтип кайрадан «майлуу» дайындалып олтурат. Бизде мына баары ушинтип тескеринен болот…