Волейбол боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азиянын аймактык (борбордук зона) чемпионатынын финалына чыкканы маалым болду. Мелдеш ушул тапта Непалдын Катманду шаарында өтүп жатат.

Кыргызстандын Волейбол федерациясы Кыргызстан жарым финалдык беттеште Түркмөнстандын курама командасын 3:0 (25-17; 25-18; 25-22) эсебинде жеңип, финалга жолдомо алган.

Финалдык бетттеште Кыргызстан Өзбекстан курама командасы менен беттешет. Оюн 23-августта өтөт. Финалдык оюнга чейин Кыргызстан курама командасы үй ээси Непалды 3:0, Мальдив аралдарынын курама тобун 3:0 эсебинде уткан.

Азиянын аймактык чемпионатына жети курама команда катышып жатат. Алар өз ара эки тайпага бөлүнүп ойноду. Кыргызстан «А» тайпасында Непал жана Мальдив аралдарынын курама топтору менен ойноду. «Б» тайпасында Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Бангладеш жана Афганстандын курама командалары болгон.