Кыргызстандын премьер-лигасында ойногон «Академия-Лидер» футбол командасы бүгүн, 22-августта Бишкек-Ош жолунда кырсыкка кабылып, бир оюнчу мерт болду. Маалыматты Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди..

Федерациядан алынган маалыматка караганда, футболчулар бара жаткан автобус Honda Stepwgn үлгүсүндөгү жеңил автоунаа менен кагылышкан. Кырсыктан команданын 22 жаштагы оюнчусу каза тапкан. Бир футболчу ооруканага жаткырылган. Автобуста 14 оюнчу, машыктыруучу жана команданын администратору болгону айтылууда.

«Академия-Лидер» клубу Кыргызстандын премьер-лигасынын кезектеги айлампасында Оштун «Алай» клубу менен 21-августта беттешип, кайра Бишкекке келе жаткан.

аталган футбол клубу 2018 -жылы түзүлгөн.