Бишкек шаардык соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырганын анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Ал соттун чечими боюнча буларды айтты: “Сот болду, бирок, тилекке каршы, мыйзамсыз чечим чыгарылды. Мурдагы президенттин бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылып, 26-августка чейин абакта калмай болду”.