Атамбаевдин аялы Раиса Атамбаева соңку окуяларга байланыштуу пикирин билдирди. Ал буларды айтты:

-Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарына, менин үй-бүлөмө, балдарыбызга, жакын туугандарыбызга карата куугунтук жүрүп жатат. Атамбаевдин улуу баласы Сейитбек Атамбаев катуу сабалды. Азыр аны күн сайын суракка чакырып жатышат. Анын буту гипстелген, балдакчан жүрөт. Атамбаевдин жакын тууганы, жээнине эки кылмыш иши ачылды. Биздин кудабыздын үйү тинтүүгө алынды. Он милиция кызматкери документтерин көрсөтпөй, негиз жок кирип барып, үйдү астын-үстүн кылды. Мен азыр «Ала-Арчадагы» үйгө кире албай, бизге тийиштүү болгон буюмдарымды ала албай жатам. Үйдү мөөр басып бекитип коюшкан. “Ала-Арчадагы” үй толугу менен биздин, өзүбүздүн акчага курулган. Ошого карбай ушундай аракеттерди кылып жатышат. Ошондой эле биздин 2002-жылдан бери, Акаев учурунан бери колдонуп келаткан банктык эсебибиз камакка алынды”.

Башкы прокуратура Алмазбек Атамбаевге 14 кылмыш ишин козголгонун кабарлаган. Учурда УКМКда Атамбаевдин баш коргоо чарасын шаардык сот карап жатат. Соттук ишке анын жакындары киргизилген жок.