Бишкектин Биринчи май райондук соту бүгүн мурунку башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын карап, аны үй камагына чыгарганын айыпталуучунун туугандары билдирди

Салянова кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы мөөнөтүнөн мурда түрмөдөн бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынып, Бишкектин №1 тергөө абагында отурган. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары анын ден-соолугу абдан начарлап, операцияга муктаж болуп турганын айтышкан.

Мындан тышкары, бүгүн Жогорку соттун соттук коллегиясы мурдагы юстиция министри Аида Салянованын Алексей Елисеевге лицензия берүү ишине байланыштуу соттук отурумду кароону улантмак. Адвокат келбей калганына байланыштуу бул жараян башка күнгө жылган.