Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Британиянын Кыргызстандагы элчиси болуп 2015-жылдын июнь айынан 2019-жылдын башына чейин иштеген 55 жаштагы Орд-Смитти бизнес акыйкатчы кылып дайындады. Бизнес акыйкатчы: ишкердик иштин субъектилеринин укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам болуп эсептелет.

Байкоочу кеңеш Бизнес-акыйкатчыны июнь айында эле тандаган. Анын курамында өкмөттүн, Евразия реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана беш бизнес-ассоциациянын өкүлдөрү бар.

Орд-Смит элчиликтен кеткенден бери Бишкекте жашап жаткан.