Генерал Курсан Асанов Атамбаевдин үйүнөн акча жана баалуу буюмдарды алып кеткен деген шек менен үйү тинтүүгө алынганы маалым. Анын жактоочусу Икрамидин Айткулов Асановдун үйүн тинтишкен Аскер прокуратурасынын тергөөчүлөрү 2000 доллардан ашыгыраак акча жана белекке берилген сааттарды алып чыгып кетишкенин маалымдады. Ошондой эле 2000 доллардан тышкары, 1000 сом, 5 жана 10 евро, 5 жана 10 дирхам алышкан. Ал эми прокуратурага алынып кеткен сааттардын бири Россиянын Ички иштер министрлиги тарабынан, экинчисин Тажикстандын президентинин жардамчысынан алган. Бул экисааттан тышкары, дагы бир саат алынган. Курсан Асановдун колдонуп жүргөн телефондору да тергөөчүлүрдүн колунда…